Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

 

Мектеп Шапак айылы менен бирге 1922-жылы  уюшулган. Алгачкы диний мектеп болуп араб арифи боюнча сабактар ѳткѳрүлгѳн.

 

1924-жылы башталгыч мектеп болуп негизделген.

 

1936-1940-жылдары 7 жылдык метеп болгон.

 

1968-жылы сегиз жылдык мектеп болгон

 

1989-1990-окуу жылында жалпы орто билим берүүчү меткеп болуп уюшулган

 

1999-жылы мектепке Усуп Мурзакматовдун ысымы ыйгарылган.

 

Усуп Мурзакматов

 

(1909-1980)

 

Мурзакматов Усуп агай 1909-жылы Шапак айылында туулган. Ɵзү туулуп ѳскѳн Шапак айылында мектепте билим алып андан соң Прежевалск шаарыда азыркы Каракол педагогикалык окуу жайын бүтүргөндѳн кийин Ак-Суу районундагы мектептерде кѳп жылдар бою мугалим, райондук билим берүү бѳлүмүндѳ инспектор болуп иштеген. Улуу ата-мекендик согушка 1942-жылдын февраль айында чакырылып 626сп151сд аскер бѳлүгүндѳ кызмат ѳтѳп душмандар менен баатырларча салгылашкан. 1943-жылдын 23-январында, 13-февралында жана 30-сентябрында кѳрсѳткѳн эрдиктери үчүн «За боевые заслуги» медалы менен сыйланган. 1943-жылдын аягында оор жарадар болуп, бир бутунан ажырап туулуп ѳскѳн жерине кайтып келген.

 

1945-жылдан 1969-жылга чейин ѳзүнүн сүйгѳн кесиби мугалим болуп Шапак айылында эмгектенген. Мурзакматов Усуп агай ѳзүнүн Ата-Мекенине кылган эмгеги үчүн кѳп сандаган сыйлыктар менен сыйланган . Ал ѳзүнүн окуучуларынын, мугалимдеринин жана жалпы эле эл арасында чон урмат сыйга ээ болуп жүрүп 1980-жыл дүйнѳдѳн кайткан.

 

Агайдын Ата-Мекенге жана Шапак айылынын элине, мектебине синирген зор эмгегин эске алып анын ысымы айылдын мектебине ыйгарылган.