Анапияева Самара талайбековна

Башталгыч класс мугалими

Анапияева Самара Талайбековна 1984-жылы Ысык-Көл областына караштуу Каракол шаарында төрөлгөн.1991-жылы жылы Киров гимназия мектебине 1-класска кирип,2001-жылы «Артыкчылык медалы»жана кызыл аттестат менен аяктаган.2001-жылы К.Тыныстанов атындагы ЫМУ нун «Социалдык-маданий тейлөө жана туризм»факультетин кызыл диплом менен аяктаган.2006-жылы Ак-Суу районуна караштуу М.Калиев атындагы орто мектебинде англис тили мугалими болуп иштеп баштаган.»Жаш мугалимдин депозити»сынагынын жеңүүчүсү. 2013-жылы К.Тыныстанов атындагы ЫМУ нун «Башталгыч класстардын педагогикасы жана психологиясы»факультетине тапшырып 2016-жылы ийгиликтүү аяктаган.2014-жылдан баштап У.Мурзакматов атындагы Шапак жалпы орто билим берүү мектебинде башталгыч класстар мугалими болуп эмгектенип келет.Жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүдөгү жетишкедиктери үчүн мектептин,айыл өкмөтүнүн,райондук билим берүү бөлүмүнүн грамоталарына менен сыйланган.КР мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин»Биринчи мугалим-2019″сынагына жигердүү катышкандыгы үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Университети тарабынан «Ыраазычылык кат»менен сыйланган.