Асанкадырова Айжаркын Жыргалбековна

Организатор, башталгыч класстын мугалими

Асанкадырова Айжаркын Жыргалбековна башталгыч класстын мугалими. 1997-жылдын 19-августунда Ысык Кол областынын Ак Суу районуна караштуу Каракол айылында төрөлгөн. 2004-жылы Каракол айылындагы Айтпаев Аман атындагы орто мектебинде 1-класстын босогосун аттаган. 2015-жылы 11-классты ийгиликтуу аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин педагогика институтунун башталгыч класстарга билим берүү факультетине тапшырган. 2019-жылы окуусун аяктаган. 2022-жылдын 14-январында Шапак айылынын Усуп Мурзакматов атындагы Шапак жалпы орто билим берүү мектебине башталгыч класстын мугалими болуп иштөөгө киришкен. Азыркы учурда 4-класстын мугалими жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенүүдө.