Карымшакова Салтанат Асековна

Кыргыз тили жана адабият мугалими

Карымшакова Салтанат Асековна Ак- Суу районундагы У. Мурзакматов атындагы Шапак жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими. 1962- жылы 30- майда Ак-Суу районундагы Пионер айылда мугалимдин үй- бүлөсүндө төрөлгөн. Эмгек жолун 1983- жылы Ак Суу районунда Боз булуң орто мектебине музыка мугалими болуп баштаган. 1987- жылы 1- Май колхозунун айылдык китепканасында эмгектенди. 1989- жылы В.В. Маяковский атындагы педагогикалык институттун башталгыч класстар бөлүмүн бүтүрүп, 1996- жылдан баштап Усуп Мурзакматов атындагы Шапак жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими болуп эмгектенип келет. Учурда » Сапаттуу билим берүү, руханий адеп- ахлактык тарбия, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» деген ураандын алдында иштеп жатат. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында РБББнүн, Раймамлекеттик администрациясынын, ББминистрлигинин ардак грамоталары жана «Билим Берүүнүн Мыктысы» деген төш белгилерин алды.